События Ботанического сада

Ботаникалык багыбыздын терезеси сүрөтчүнүн көзү менен

15 июля 2024

Жарык,кооз сонун терезе,
Көркөм жашыл дүйнө эшиги.
Сулуулукту көрүү, берешен,
Кудай берген мага кешиги.

Мээрим менен мени каратып,
Медериме сактап аламын.
Сулуулукту алып жаратып,
Түшүмдө да сага барамын.

Жашылга мен кызмын арбалган,
Көрүнүшкө турам сүйүнө.
Жашыл дүйнө сага жалбарган,
Ыраазымын ар бир күнүмө. 

 

Автор:Доотуева Назгүл Белековна

<< вернуться к списку новостей